13:15
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Кремль Израилдин жаранын бошотуу үчүн Сирияга вакцина сатканы боюнча маалымдады

Орусия мындан ары да Сирияга жардам берүүсүн улантат. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Бирок ал Дамаскка орус вакцинасы кандай шарттарда берилип жатканы боюнча так маалымат берген жок.

Буга чейин The New York Times басылмасы Израиль Сирияда кармалган жаранын кайтарып алуу үчүн Дамаскка орусиялык «Спутник V» вакцинасын сатып берүүгө макул болгонун кабарлаган.

Өткөн жумада Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Орусиянын президенти Владимир Путин менен эки жолу сүйлөшүп, Сирияда кармалган жаранын кайтарууга жардам берүүсүн өтүнгөнүн билдирген. Көп өтпөй израиль жараны Москвага жеткирилип, 19-февралда Тель-Авивге учуп кеткен.

Израиль бул үчүн Дамаскка Голан дөңсөөсүндө кармалган эки сириялыкты өткөрүп бергени кабарланган. Бирок айрым маалымат каражаттары жарандар менен алмашуу жөн гана формалдуулук болгонун белгилеп, чынында Дамаск Израилге орусиялык вакцинаны сатып берүү талабын койгонун жазып чыгышты. Haaretz израиль гезитинин маалыматына караганда, кеп жүз миңдеген доза вакцина жөнүндө болууда.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума
18-апрель, бейшемби