10:37
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Улукбек Марипов: Бизнес үчүн мен 24 саат бою байланыштамын

Премьер-министр Улукбек Марипов атамекендик бизнес-коомчулук өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун негизги максаты катары экономиканы мындан ары карай активдештирүү боюнча демилгелерди жана ишкерлер үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча биргелешкен чараларды талкуулоо болуп саналат.

Жолугушуу эркин микрофон режиминде өтүп, ар бир катышуучу өз идеяларын жана көйгөйлөрүн билдирүүгө ыңгайлуу шарт түзүлдү.

«Бул жолугушууда катышып жаткандардын ар бири республикабыздын өнүгүүсүнө олуттуу салымын кошкон. Узак убакыт бою биз бизнеске тийиштүү көңүл бура алган жокпуз. Бирок, бул мамилени өзгөртүүгө, мамлекеттик-жеке диалогдун жаңы бизнес-моделдерин ишке киргизүүгө убакыт келип жетти. Биз ишкерлик тармагындагы ачык-айкын эрежелерди камсыздоо үчүн бардык күч-аракетибизди жумшоого даярбыз. Бул ченем жаратуу демилгелерине, ишкерлерге жеке инвестиция тартууга дем берүүгө, инновациялык стартаптарды субсидиялоого, мамлекеттик органдар тарабынан текшерүүлөрдү кыскартуу, укук коргоо жана фискалдык органдар тарабынан бизнеске кысым көрсөтүү фактыларын толугу менен жоюуга тийиштүү», — деди ал жана учурда өкмөттүн 100 күндүк иш-аракеттер планы иштелип жаткандыгын жана ал бүгүнкү жолугушууда айтылган идеялар менен толукталаарын кошумчалады.

Өз кезегинде бизнес-коомчулук өкүлдөрү өз көйгөйлөрүн билдиришип, бизнес жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча бир катар сунуштарын киргизишти.

Жолугушуунун жыйынтыгында Улукбек Марипов бизнес өкүлдөрүнө конструктивдүү пикир алышуу үчүн ыраазычылык билдирип, 24 саат бою байланышта болууга даяр экендигин билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар