00:30
USD 88.57
EUR 95.33
RUB 0.97

Тажикстандын атайын кызматы Баткендин беш тургунун кармап кетти

Тажикстан тарап 5 кыргыз жаранын кармап кетти. Бул тууралуу 24.kg агенттигине өздүк булактар билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-февраль күнү Тажикстандын коопсуздук кызматы мал базарга барган беш кыргыз жаранын кармаган.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, Баткендин жашоочулары Тажикстанга эмес, Лейлек районундагы мал базардан кайтып келе жатышкан.

Алардын үчөө Кадамжай районунун, экөө Баткен районунун тургундары.

Айрым маалыматтарга караганда, ага чейин Кыргызстандын УКМКсы Тажикстандын жарандарын кармаган. Эми кошуна өлкө кармалгандарды алмашууну сунуштоодо.

Эң көп окулган жаңылыктар