04:54
USD 88.81
EUR 95.39
RUB 0.96

Орусиядан 17 мугалим Ош шаарындагы мектептерде сабак берет

Орусиядан 17 мугалим Ош шаарынын мектептеринде иштөө үчүн келди. Бул тууралуу Илим жана маданият россиялык борбору кабарлады. 

Маалыматка караганда, мугалимдер 16-18-февралда келишти. Алар орус тили жана адабияты, математикадан жана башталгыч класстарга сабак беришет. Бул жылы жалпысынан Ошто 29 россиялык мугалим иш алып барат.

«Мугалимдер окуу жылы башталышынан бери эле иштеп жатышат. Алар алгач Россияда туруп, онлайн сабак берип келишти. Эми салттуу окуу башталгандан кийин Ошко келди», — деп айтылат маалыматта.

Эң көп окулган жаңылыктар