13:17
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тажикстанда сойкулардын кардарлары үчүн жаза киргизүү сунушталууда

Тажикстанда Аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча комитет коммерциялык секс кызматкерлерине, ошол эле маалда алардын кардарларына да катаал жаза киргизүүнү сунуштады.

«Эркектер да кардар катары аялдардын сойкулугу деген көрүнүшкө күнөөлүү. Ошондуктан жаза катаалдатылышы керек. Бул аялдар менен эркектер, жалпы эле тажик коомчулугу үчүн уяттуу иш», — деди комитеттин төрайымы Хилолби Курбонзода.

Өлкөнүн Үй-бүлө кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдө сутенерлер менен сойкукана ээлери үчүн ата-энелик укуктан ажыратуу жазасын киргизүү да каралган.

11-январда Тажикстан парламентинин төмөнкү палатасында карала баштаган мыйзам долбоору жакынкы күндөрү жактырылат деп күтүлүүдө.

Тажикстанда сойкулук кылмыш болуп эсептелбейт. Бул үчүн 1100 сомониден 1650 сомониге чейин айып пул төлөтүү түрүндө административдик жаза каралган. Мындай ишке барганы үчүн экинчи жолу кармалгандар 1650 сомониден 2750 сомониге чейин айып пул төлөп же 15 суткага административдик камакка алынат.

Эң көп окулган жаңылыктар