02:19
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Саламаттыкты сактоо дүйнөлүк уюму AstraZeneca вакцинасын жактырды

Саламаттыкты сактоо дүйнөлүк уюму AstraZeneca вакцинасын колдонууга сунуштайт. Бул тууралуу БУУнун жаңылыктар кызматы маалымдады.

Маалыматка караганда, аталган вакцинанын Түштүк Корея жана Индияда чыгарылган түрлөрү колдонууга берилет. Алар COVAX программасынын алкагында таркатылат. 

Белгилей кетсек, COVAX COVID-19 вирусуна каршы эмдөө жүргүзүүдө мүмкүнчүлүгү чектелген өлкөлөр жардам иретинде вакцина менен камсыздайт. 

Саламаттыкты сактоо уюму буга чейин Pfizer вакцинасын жактырган.

AstraZeneca вакцинасынын таасирлүүлүгү 63 пайыз экендиги айтылат. Аны адаттагы муздаткычтарга сактоого болот.

Эң көп окулган жаңылыктар