10:26
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Таласта эки жашар бала апасы менен көлмөгө чөгүп кетти

14-февраль күнү Талас облусунун Арал айылында көлмөгө эки жаштагы бала чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, апасы баланы куткарам деп артынан түшүп, кошо чөгүп кеткен.

Куткаруучулар жеткенге чейин атасы баланын жансыз денесин суудан алып чыккан. Жерине 4 куткаруучу тартылып, аял кишинин жансыз денесин суудан чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Эң көп окулган жаңылыктар