11:14
USD 87.45
EUR 99.56
RUB 1.10

Корея кайра Кыргызстандын жарандарына виза бере баштады

8-февралдан тарта Корея кыргыз жарандарына виза берүүнү жандантты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Корея коронавируска байланыштуу Кыргызстандын жарандарына өлкөгө кирүүгө тыюу салган.

Тышкы иштер министрлиги Кореяга сапар алар алдында COVID-19га дыкат текшерүүдөн өтүүнү суранат. Анткени, вирус табылып калса, Кыргызстанга чектөө салынышы мүмкүн.

Эң көп окулган жаңылыктар