Араван районундагы Төлөйкөн айылында турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаал министрлиги билдирет.
Маалыматка ылайык, үйдүн 20 чарчы метр бөлмөсү жана үй буюмдары күйгөн.
«Өрттүн кесепетинен 1983-жылы туулган эркек киши иске ууланып, каза болгон. Өрттүн себеби такталууда», — деп жазылат билдирүүдө