09:18
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Депутаттар «Газпромго» газга бааны арзандатууну тапшырды

Жогорку Кеңештин отун-энергетикалык комплекс боюнча комитети «Газпром» компаниясына элдер үчүн газга баа карап чыгууну тапшырды. Бул тууралуу чечим бүгүнкү жыйында кабыл алынды.

Депутаттар компанияга жоготууларды азайтып, бааны арзандатуу жолдорун карап чыгууну сунушташты.

Андан сырткары, газды өнүктүрүү боюнча жергиликтүү ишканаларды ишин өнүктүрүп, жаңы кендерди издөө иштерин күчөтүү, токтоп турган ишканаларды жандантуу тапшырылды.