22:48
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Максат Мамытканов өзгөчө макамдагы аймактарда курулуштын кармалуусун сынга алды

Вице-премьер-министр Максат Мамытканов өзгөчө макамга ээ болгон чектеш аймактардагы калктын турмуш-тиричилигин камсыздаган объекттердеги курулуш иштерин жыйынтыктоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, мурдараак Баткен облусуна жумушчу сапарынын алкагында вице-премьер-министр Максат Мамытканов коопсуздукту камсыздаган, анын ичинде Лейлек жана Баткен райондорунда жайгашкан чек ара заставаларындагы объекттерди барып көргөн.

Максат Мамытканов белгилегендей, финансылык каражаттар бөлүнүп берилгендигине карабастан, айрым объектилердин курулушу узак убакытка созулууда, буга катар ал өкмөт аппаратынын тийиштүү бөлүмүнө көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү талкуулоо боюнча кеңешме өткөрүү үчүн материалдарды даярдоо тапшырмасын берди.

Кеңешменин жүрүшүндө мамлекеттик органдардын өкүлдөрү курулуш иштеринин жүрүшү жана чек ара инфраструктурасынын айрым обьектилерин жакшыртуу алкагында чечимдердин мөөнөтүндө аткарылбагандыгынын себеби тууралуу маалымат беришти.

Өз кезегинде вице-премьер-министр белгилегендей, бул объектилер Баткен облусу үчүн гана эмес, жалпы республика үчүн стратегиялык жактан маанилүү.

«Стратегиялык жактан маанилүү обьектилердин курулушунун создуктурулушуна жол берилбеши керек. Финансы каражаттары бөлүнгөн, бирок айрым объектилер боюнча 2012-жылдан ушул мезгилге дейре курулуш иштери 50% да аткарылган эмес. Айрым жетекчилердин мындй шаалакылыгы каттаал чараларды көрүүгө аргасыз кылат», — деди Мамытканов.

Ошондой эле ал кошумчалагандай, мындай көйгөйлөрдүн чечилиши аталган чектеш аймактардын тургундарына гана таасирин тийгизбестен, мамлекеттин жалпы аброюн да аныктайт.

Көрсөтүлгөн маселелрди тыкыр талкуулап чыккан соң, жооптуу мамлекеттик органдар аныкталып, тапшырмаларды аткаруу мөөнөтү белгиленди.

Вице-премьер-министр алынган милдеттенмелердин өз мөөнөтүндө аткарылышына өзгөчө басым жасады жана алар аткарылбаган учурда мамлекеттик органдардын жетекчилерине карата тартиптик мүнөздөгү катаал чаралар кабыл алынарын билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар