Бельгия стипендиялык программа боюнча кыргызстандыктарды магистратурага кабыл алат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
2021-2022-окуу жылында Кыргызстандын жарандары төмөндөгү магистрдик программаларга тапшыра алышат:
- Жер кыртышы жана глобалдык өзгөрүүлөр (IMSOGLO): https://imsoglo.eu;
- Ресурстарды туруктуу жана инновациялык башкаруу (SINReM): https://sinrem.eu;
- Аквамаданиятта ден соолукту көзөмөлдөө (AquaH): www.ugent.be;
- Айыл жерин өнүктүрүү: www.imrd.ugent.be.
Ар бир программа тууралуу кененирээк маалыматты жогоруда көрсөтүлгөн сайттардан алсаңыздар болот.