23:29
USD 88.39
EUR 94.96
RUB 0.97

ИИМ: Кыргызстандыктардын Перс булуңуна мыйзамсыз чыгуусу аныкталды

ИИМдин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы иштөө боюнча кызматы Кыргызстандын аймагынан тышкары мыйзамсыз миграцияны уюштургандарды аныкташты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, жумушка орноштуруучу жеке компаниялардын биринин кызматкерлери кыргызстандыктардын Перс булуңундагы өлкөлөргө мыйзамсыз чыгуусуна көмөк көрсөтүп келишкен. Алардын Кыргызстан жарандарын башка өлкөлөргө жумушка орноштуруу боюнча ишмердүүлүк менен алектенүү укугуна уруксаты жок болгон.

«Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КРдин Жоруктар жөнүндө кодексинин 122-беренеси («Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу») боюнча катталды. Ал эми жумушка орноштуруу боюнча агенттиктин жетекчиси Ж.А. аттуу аялдын өзүнө анын шек жаратып жатканы туурасында кабарланды», — деп айтылат маалыматта.

Маалымат кызматы бул боюнча топтолгон материалдар жакынкы күндөрү сотко жөнөтүлөрүн кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар