Тележурналист Галина Байтерек президенттин басма сөз катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтына жарыяланды.
Галина Байтерек көптөгөн жылдардан бери Коомдук телерадиокорпорацияда иштеген. Коомдук-саясий, экономикалык программаларды алып барчу.
4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки нааразылык өлкөдө бийликтин алмашуусуна алып келген. 2017-жылы алты жылдык президенттик мөөнөткө шайланган Сооронбай Жээнбеков 15-октябрда кызматын тапшырып берген.