«Балама чалып кызмат үчүн 300 миң доллар сунуштап жатышат», — деп билдирди премьер-министр Садыр Жапаров Al Jazerra телеканалына билдирди.
Ал өлкөдө кызматтык орундар сатылып келгенин, ага көпчүлүк көнүп калганын белгилейт.
«Менин уулума чалып, кайсы бир кызматка дайындоону суранып, 300 миң, 50 миң доллар сунуштап жатышат. Дагы эле кызмат орунду сатып алам дегендер бар окшойт», — дейт Садыр Жапаров.
Премьер-министр коррупциялык түзүмдөрдү жок кылуу үчүн 2-3 ай сурайт.