14-октябрда «Чалдыбар» чек ара өткөрүү пунктунан Казакстанга 10,2 миллион сомдук зер буюмдарды алып өтүүгө аракет кылгандар кармады. Бул тууралуу Чек ара кызматы билдирет.
27 жаштагы Кыргызстан жаранынын жанында бул буюмдарга тиешелүү документтери жок экен. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, кармалган зер буюмдардын жалпы наркы 10 миллион 214,4 миң сомду түзөт.
Тийиштүү документтер толтурулуп, бул ишти андан ары териштирүү үчүн айдоочу атайын органдарга өткөрүлүп берилген.