20:20
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Тажикстанда ачылышына президент катышкан тигүү цехи эртеси кайра жабылды

Тажикстандын Рудаки районунда президент Эмомали Рахмондун катышуусунда салтанаттуу түрдө ачылган тигүү цехи дароо кайра жабылды.

1-октябрда мамлекет башчы Рудаки районундагы 100 адамдын иштөөсүнө ылайыкташкан тигүү цехинин ачылышына катышкан. Президенттин басма сөз кызматы Рахмон тикмечилердин кийимин кийген, тигүүчү машинелердин алдында отурган аялдар менен жолугуп жатканы тартылган сүрөттөрдү жарыялаган.

«Райондук акимчиликтин кызматкерлери мамлекет башчыга аймактагы кыздар менен аялдар кыска курстарда окутулуп, жумуш менен камсыз болгонун билдиришти. Бүгүнкү күндө цехте мектеп формасы, балдар менен кыздардын кийимдери, медициналык халаттар жана көйнөктөр тигилүүдө», — деп жазылган басма сөз кызматтын билдирүүсүндө.

Бирок 2-октябрда Рудаки районуна барган «Озоди» радиосунун кабарчылары тигүү цехи жабылып, зал бош калганына күбө болушкан. Алар менен анонимдүү түрдө маектешкен жергиликтүү тургундардын бири эч кандай кыска мөөнөттүү курстарда окубагандыгын, жөн гана тигүүчү машинелердин алдына убактылуу отурушканын билдирди. «Тигүү цехинин ачылышына төрт күн калганда райондук акимчиликтен телефон чалып, улуттук кийимдердин көргөзмөсүнө даярданышым керектигин айтышты. Ачылышы болгон күнү бизди тигүүчү машинелерге отуруп туруубузду өтүнүштү. Мен тигүүчү болгондуктан ушул жерде иштейт экенмин деп сүйүнүп кеттим. Бирок президент кетээри менен имаратты тазалатып, үйгө кетирип жиберишти», — деди ал.

Цехтин ачылышында президентти коштоп жүргөн акимчиликтин Аялдар менен иштешүү бөлүмүнүн башчысы Муслима Саидмуродова тигүү цехин жергиликтүү ишкерлер ачып, ал 50 кишинин иштөөсүнө ылайыкташканын айтты. «Аялдар өтө чарчап, салтанаттуу ачылышынан кийин үйлөрүнө кетишти. Тигүүчү машинелер башка ишкерге тиешелүү болчу, ал алып кетти. Жумушчулар эми өз машинелерин алып келип иштешет», — деди ал.

Саидмуродова азырынча цех ишин качан баштай турганы белгисиз эке

Эң көп окулган жаңылыктар