Кызыл-Кыяда микроавтобус топтошуп турган адамдарды атайын сүзүп кетти. Бул тууралуу видеону shtraf__kg өзүнүн Instagram баракчасына жарыялаган.
Микроавтобустун айдоочусу адамдарды атайын сүзүп кеткени видеодон көрүнүп турат. Натыйжада эки адам дөңгөлөк алдында калды.
Кызыл-Кыядагы бул окуяны Баткен облусунун ИИБ кызматкерлери 24.kg маалымат агенттигине тастыктап беришти. Алар видеону иликтеп, толук маалымат берээрин айтышты.