Бир суткада 147 адамдан вирус аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Бишкек шаарында — 19, Ош шаарында — 13, Чүй облусунда — 10, Ош облусунда — 34, Талас облусунда — 2, Ысык-Көл облусунда — 11, Жалал-Абад облусунда — 41 жана Баткен облусунда — 17 учур катталды.
Март айынан бери 46 миң 669 адам вируска чалдыкты.