17:25
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

COVID-19. Жарым жылдан бери комада жаткан дарыгерге көмөк көрсөтүшөт

Премьер-министр Кубатбек Боронов 6 айдан бери оор абалда жаткан Ош облусунун Ноокат районундагы «Барын» медициналык борборунун башкы дарыгеринин орун басары Мукарам Ураимовага ыкчам тартипте тийиштүү көмөк көрсөтүү тапшырмасын Саламаттык сактоо министрлигине берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Саламаттык сактоо министрлиги түзүлгөн абалды иликтеп чыгууну жана дарыгерди санитардык авиация аркылуу Бишкек шаарынын адистештирилген медициналык мекемелеринин биринде мындан ары дарылануудан өтүүсү үчүн алып келүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу тапшырылды.

Кубатбек Боронов ошондой эле дарыгерге тиешелүү компенсациялык төлөмдөр берилиши керектигин кошумчалады.

Эске салсак, Мукарам Ураимова биринчилерден болуп обсервацияда иштеп, коронавирус инфекциясын жуктуруп алган. Илдеттин кесепетинен өпкөсүнүн 80 пайызы жабыркаган. Мукарам Ураимова ооруканада 3 ай жаткан. Учурда анын абалы оор, жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума