16:48
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды

Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институту маалымдайт.

Зилзала 28-сентябрь күнү саат 02:32де катталып, очогунда күчү 4 баллга жетти.

Жердин силкинүүсү Алай районундагы Ачык-Суу, Жайылма, Кашка-Суу айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор жок.

Эң көп окулган жаңылыктар