07:55
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Жогорку сот «Азия Ньюсту» министрге 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирди

Жогорку сот «Азия Ньюс» гезитинин апелляциялык арызын 23-сентябрда карады. Анда Бишкек шаардык сотунун буга чейинки чечими күчүндө калтырылганын гезиттин коомдук жактоочусу, жарандык активист Адил Турдукулов «Азаттыкка» билдирди.

Анын айтымында, Жогорку соттун чечимине ылайык, гезиттин жетекчилиги ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге 300 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Экинчи инстанциянын чечими өзгөртүүсүз калганын Жогорку соттун басма сөз кызматы да ырастады.

Быйыл 26-февралда Бишкек шаардык соту гезитти министрге 300 миң сом доо төлөп берүүгө милдеттендирген чечим чыгарган. Басылманын редактору Аслан Сартбаев жана жактоочулар буга макул болбой, Жогорку сотко даттанган.

Жогорку соттун 23-сентябрдагы чечими акыркы жана ага каршы даттанууга болбойт.

Кашкар Жунушалиев «Азия Ньюсту» 2019-жылдын 25-апрелинде (№ 16) жана 16-майда (№ 19) чыккан сандарындагы макала, коллаждар үчүн сотко берген. «Гезиттеги материалдар ар-намысыма шек келтирди» деген негизде бешмиллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн. 

Эң көп окулган жаңылыктар