Ош облусунун Кара-Суу районунда дарыядан 16 жашар кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Алардын маалыматында, 16-сентябрда Нариман айылында кече жуук суудан кыздын сөөгү табылды.
Куткаруучулар 2004-жылы туулган кыздын денесин милицияга өткөрүп берди.