15:20
USD 87.41
EUR 103.01
RUB 1.12

Кара-Кечедеги жол тазаланбайт. Көчкүнү айланып өткөн жол курулат

Нарындын Кара-Кече аймагындагы көчкү түшкөн жол тазаланбайт. Бул тууралуу ишти кароого алган комиссия билдирет.

Алардын маалыматында, Кара-Кече капчыгайындагы көчкү түшкөн жолду тазалоо мүмкүн эмес. Андыктан, аны айланып өткөн жол курулат.

«Көчкүнү тазалоо кыйын. Айрым жерлерине техника жетпейт. Анын ордуна айланма жол курула», — дейт Жол министрлиги.

Жаңы жолду 12 күндө бүткөрүү пландалууда.

Эң көп окулган жаңылыктар