04:17
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Баткен облусунда жол кырсыгынан эки адам каза болду

Бүгүн, 11-сентябрда, Ош — Баткен — Исфана унаа жолунун 11-чакырымында «Ауди 100» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, унаа жолдон чыгып оодарылып кеткен. Бул тууралуу ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жерине 6 куткаруучу тартылган, бирок алар жеткиче, тез жардам кызматкерлери жабыркагандарды Баткен облустук ооруканасына алып кетишкен.

«Кырсыктын кесепетинен эки адам жабыркаган (1993-жылы туулган жана 2005-жылы туулган) жана эки адам ооруканадан каза болгон (1967-жылы туулган жана 1974- жылы туулган)», – деп айтылат билдирүүдө.

Эң көп окулган жаңылыктар