Бүгүн, 10-сентябрда Баткен облусунун ар кайсы аймактарында, коронавирус инфекциясы жайылган учурда оорунун очогунда эмгектенген дарыгерлер, эс алуу үчүн Ысык-Көл облусуна жөнөтүлдү. Бул туурулаа COVID-19: Республикалык штабы билдирет.
Аларды облус башчысы Алишер Абдрахманов узатып, өмүр сакчыларына ак жол каалады.
Белгилей кетсек, медицина кызматкерлери Ысык-Көл облусундагы «Рахат» эс алуу пансионатында 7 күн акысыз эс алышат.
Дарыгерлердин эс алуусун саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин профсоюздук уюму уюштурган. Алардын барып келүү жол акысы жергиликтүү бийлик тарабынан каржыланган.