Өлкө боюнча калктуу конуштардын 96 пайызы мобилдик интернетке туташтырылган. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов билдирди.
Анын айтымында, калктуу конуштарда 3-4G түйүнү иштөөдө.
«Бул калктын басымдуу бөлүгү интернетке туташа алат дегендик. Ошол эле учурда пандемия мезгилинде интернетти колдонуу трафиги 64 пайызга өстү», — дейт ал.