08:40
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Дастан Догоев: «Санарип аймак» платформасын киргизүү боюнча иштер күчөтүлөт

Жер-жерлердеги муниципалдык кызматтарды электрондук форматка өткөрүү максатында «Санарип аймак» платформасын киргизүү боюнча иштер күчөтүлөт. Бул жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына «Түндүк» системасына кошулуу аркылуу башка мамлекеттик органдар менен маалымат алмашуусуна мүмкүндүк берет. Мындай билдирүү президент Сооронбай Жээнбековдун Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Дастан Догоевди кабыл алып жатканында айтылды.

Сооронбай Жээнбеков санариптик технологияны экономикага жана социалдык тармакка терең киргизүү максатында калктын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин санариптик көндүмдөрүн жакшыртуу зарылдыгын баса белгиледи.

«Санариптик инфраструктураны калыптандыруу, тиешелүү платформаларды жана маалымат базаларды түзүү менен катар өлкө жарандарын санариптик көндүмдөргө үйрөтүп, буга катышкан мамлекеттик органдардагы кызматкерлердин компетенттүүлүгүн жогорулатуу керек. Ошондой эле тездетилген санариптик трансформациясы үчүн жагымдуу мыйзамдык негизди түзүү зарыл. Ансыз калк санариптешүүнүн реалдуу оң натыйжаларын сезе албайт», — деп баса белгиледи ал.

Билдирүүгө ылайык, жарандардын, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын кызматкерлеринин санариптик сабатын жогорулатуу максатында, маалыматтык-агартуу иштерине өзгөчө көңүл бурулат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума