Өткөн суткада 92 адамдан коронавирус табылды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Бир суткада ооругандар эң көп Ысык-Көл облусунда катталды (32 киши). Бишкек шаарында — 12, Ош шаарында — 2, Чүй облусунда — 7, Ош облусунда — 15, Талас облусунда — 1, Нарын облусунда — 6, Ысык-Көл облусунда — 32, Жалал-Абад облусунда — 3, Баткен облусунда — 14.
Март айынан бери коронавирус менен 44 миң 227 киши ооруду.