15:36
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Аралыктан окуу мезгилинде ата-энелерге педагог жана психологдор жардамдашат

Дистанттык окутуу мезгилинде жаралган ар түрдүү суроолорго жооп берүү жана педагогикалык-психологиялык, усулдук жардам көрсөтүү боюнча ыкчам байланыш номерлери иштей баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлайт.

Маалыматка караганда, окуучуларга, ата-энелерге жардам берүү максатында республиканын ар бир жалпы билим берүү уюмдарында атайын педагогикалык-психологиялык жана методикалык жардам берүү максатында топтор түзүлдү. Анын курамына соцпедагогдор, мектептин окуу иштери, тарбия иштери боюнча директордун орун басарлары, класс жетекчилери кирди.

Мындан сырткары райондук, облустук педагогикалык-психологиялык, методикалык жардам берүү штабдары түзүлүп, дистанттык окутуу учурунда жаралган ар кандай суроолорго жооп берүүгө даяр.

Эң көп окулган жаңылыктар