Өткөн суткада 99 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Вирус жуктургандардын саны Жалал-Абад жана Баткен облусунда көп. Бул аймактарда 20 адам вирус табылды. Бишкекте — 17, Ош шаарында— 2, Чүй облусунда — 3, Ош облусунда — 11, Талас облусунда — 6, Нарын облусунда— 4, Ысык-Көл облусунда— 16, Жалал-Абад облусунда — 20, Баткен облусунда — 20.
Март айынан бери Кыргызстанда коронавируска 44 миң 135 чалдыгып, анын 1 миң 58 адам набыт болду.