18:28
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Кыргызстанда колледждерге кабыл алуунун экинчи туру 7-августта башталат

Кыргызстандын колледждерине абитуриенттерди кабыл алуунун экинчи туру 7-августунан 25-августуна чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Анын айтымында, катталуу үчүн колледжди, адистикти тандап, өтүнмө берүү зарыл. Андан кийин керектүү талаачаларды толтуруп, сканерден өткөрүлгөн күбөлүктү же аттестатты жана сүрөттү тиркеп, «Каттоо» баскычын басуу керек.

«Кабыл алуу аяктагандан кийин үч күндүн ичинде абитуриент тандалган колледжде окууну каалоосун тастыктоого тиийш. Документтердин түп нускаларын студенттер окуу жылдын башында бериши керек. Быйылкы жылы кабыл алууну 145 колледж 129 адистик боюнча ишке ашырууда. Эмгек рыногунда суроо-талапка ээ 16 адистикке республиканын областтарындагы окождордун базасында түзүлгөн Алдыңкы тажрыйба борборлорунда окутат», — деп берилет маалыматта.

Эске сала кетсек, быйылкы жылы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алуу онлайн жүргүзүлүүдө. Абитуриенттер Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан атайын иштелип чыккан https://spuz.edu.gov.kg/ системада катталышат.

Эң көп окулган жаңылыктар