06:51
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Бириккен улуттар уюму Кыргызстандын түрмөлөрүндө отургандарга тынчсызданууда

Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын өкүлү Лиз Троссел, Кыргызстандын түрмөлөрүндө абакта жаткандардын абалы боюнча билдирүү жасады.

Анда COVID-19 бардык өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстан үчүн чоң көйгөй жаратат деп айтылат, бийлик өкүлдөрү адам укуктары жаатындагы эл аралык нормаларга жана стандарттарга берилгендигин бир нече жолу билдирген. Эркиндигинен ажыратылган адамдарга карата мамлекет камкордук көрсөтүү боюнча жогорулатылган милдеттенмелерди кабыл алды деп эскертет уюм.

«Биз Кыргызстан өкмөтүн дагы бир жолу гуманитардык негизде аялуу катмардагы аялдарды, жашы жете элек өспүрүмдөрдү, улгайып калган карыяларды, ден-соолугу начар адамдарды, коом үчүн тобокелдик деңгээли төмөн жактарды, майда жана анча чоң эмес укук бузууларды жасаган айыпталуучуларды, бошотуу өкүмүн күтүп жаткандарды, ошондой эле эл аралык укукка ылайык келбеген кылмыш жасагандыгы үчүн кармалган адамдарды мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселесин карап чыгууга чакырабыз», — дейт Лиз Троссел өз кайрылуусунда.

Укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмүнө карата текстте, анын өлүмүнүн жагдайларын тез, калыс жана натыйжалуу иликтөөнү камсыз кылуу зарыл деп жазылат.

Белгилей кетсек, Азимжан Аскаровдун жакындары үч күндөн бери сөөктү Өзбекстанга экспорттоо үчүн Тышкы иштер министрлигинен уруксат ала албай жатышат. Тышкы иштер министрлиги коштомо нота берүүнүн кечигип жаткандыгы боюнча комментарий бере элек.

Эң көп окулган жаңылыктар