02:55
USD 87.45
EUR 90.05
RUB 0.85

COVID-19. Ысык-Көл менен Жалал-Абадда вирус жуктургандардын саны көбөйдү

Кыргызстанда бир суткада 668 жаңы учур катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Вирус жана пневмония менен акыркы сутка ичинде Ысык-Көлдө 157 киши ооруканага кайрылды. Бул облуста март айынан бери вируска чалдыккандардын саны 2 миң 439га жетти.

Бишкек шаарында 118 жаңы учур катталса, Жалал-Абадда -115. Жалал-Абад облусунда вируска чалдыккандардын саны 2 миң 858ге жетти. 

Ош шаарында — 80, Чүй облусунда — 82, Ош облусунда — 50, Талас облусунда — 24, Нарын облусунда — 15, Баткен облусунда — 27 бейтаптан вирус табылды.

Март айынан бери 34 миң 512 киши вируска чалдыкты.

Эң көп окулган жаңылыктар