18:04
USD 88.91
EUR 94.75
RUB 0.95

COVID-19. Бир сутка вируска чалдыккандардын 548 учуру катталды

Бир сутка вируска чалдыккандардын 548 учуру катталды. Бул тууралуу брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова билдирди.

Бишкек шаарында — 139, Ош шаарында— 33, Чүй облусунда — 36, Ош облусунда — 65, Талас облусунда — 30, Нарын облусунда — 36, Ысык-Көл облусунда — 83, Жалал-Абад облусунда — 101, Баткен облусунда — 25 кишиден вирус аныкталды.

Кыргызстанда март айынан бери вирус жана пневмония аныкталгандардын саны — 33 миң 844.

Эң көп окулган жаңылыктар