11:46
USD 87.45
EUR 98.04
RUB 1.09

COVID-19. Кыргызстанда суткасына каза болгондордун саны кыскарды

Өткөн суткада Кыргызстанда 24 бейтап коронавирус жана пневмониядан каза болду. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдайт.

Бишкек шаарында — 6, Ош шаарында — 1, Чүй облусунда — 1, Ош облусунда — 1, Талас облусунда — 3, Нарын облусунда — 1, Ысык-Көл облусунда — 4, Жалал-Абад облусунда — 6, Баткен облусунда — 1 киши кайтыш болду.

Кыргызстанда март айынан бери вирус жана пневмониядан 1 миң 301 киши набыт болду.

Белгилей кетсек, өлкөдө бир суткада 85 өлүм катталган учурлар дагы болгон. 

Эң көп окулган жаңылыктар