07:03
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

COVID-19. Вирус жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин саны өсүүдө

Бир сутка ичинде өлкө боюнча 49 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Бишкек шаарында — 4, Чүй облусунда — 11, Ош шаарында— 8, Ош облусунда — 5, Жалал-Абад облусунда — 1, Баткен облусунда — 7, Ысык-Көл облусунда — 9, Талас облусунда — 3, Нарын облусунда — 1 кызматкер вирус жуктурду.

Өлкө боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында — 2 миң 527 учур катталып, алардын 1 миң 160ы айыкты.

Эң көп окулган жаңылыктар