09:12
USD 88.84
EUR 95.29
RUB 0.96

Башталгыч класстын окуучуларын мурдакыдай режимде окутуу каралып жатат

Билим берүү жана илим министрлиги биринчи класстын окуучулары үчүн традициялык режимде окутуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат. Бул тууралуу 24.kg агенттигине билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, учурда Билим берүү министрлигинде эксперттердин, практиктердин, менеджерлердин жана башка адистердин консультативдик кеңеши иштеп жатат.

«Биринчи класстын окуучуларын окутуу усулдары боюнча атайын бир топ иштеп жатат. Алар балдар ооруну кандай көтөрүшөт, инфекция жуктуруу коркунучу барбы же жокпу, башка өлкөлөрдө билим берүү системасы кандай уюштурулуп жаткандыгы тууралуу маалыматтарды изилдешет. Ар кандай варианттар бар, бирок чечим кабыл алына элек, талкуу уланып жатат», — дейт Надира Жусупбекова.

Ал белгилегендей, чечим Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлгө, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу болот.

«Эгерде дарыгерлер мурдакыдай режимде сабак берүүгө уруксат беришсе, анда биз окуу графигин жылдыруу вариантын карайбыз. Бир класста 40 бала окуйт. Бул учурда социалдык аралыкты сактоо мүмкүн эмес. Балким, биз класстарды экиге бөлүп, жылдыруунун графигин түзөбүз: мисалы, окуучулардын жарымы дүйшөмбү-шейшемби окушса, калгандары шаршемби-бейшемби окушат. Же биринчи бөлүгү эртең менен, экинчиси түштөн кийин окуйт», — дейт ал.

Министрлик эпидемиологиялык кырдаал учурунда биринчи класстын окуучулары партага отурууга мүмкүн болбогон варианттын үстүнөн иштеп жатат.

«Өзүнчө топ ар кандай ыкмаларды, маалымат аянтчаларын, механизмдерди, үйдө окутуунун, репетитордук жана башка тажрыйбаларды карап чыгууда», — дейт Надира Жусупбекова.

Эң көп окулган жаңылыктар