16:16
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

ЖОЖдорго онлайн кабыл алуу боюнча ыкчам байланыш номурлары жарыяланды

Кыргызстанда бүгүн ЖОЖдорго онлайн кабыл алуу башталды. Андыктан ЖОЖдорго онлайн кабыл алуу боюнча ыкчам байланыш номурлары жарыяланды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

Анын айтымында, онлайн тапшыруу системасына байланыштуу суроолор жаралса, Билим берүү жана илим министрлигинин 1919 кыска номуруна же 996 772 608 004, 996 772 667 104, 996 704 925 131, 996 709 652 418 номурларына чалып, керектүү маалыматтарды алса болот.

Эске сала кетсек, абитуриенттер Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыккан https://2020.edu.gov.kg/ системасына катталып, каалаган адистик жана окуу жайына тапшыра алат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума