17:37
USD 87.45
EUR 98.46
RUB 1.09

Нарында 124 медкызматкер жетишпейт

Нарында 124 медкызматкер жетишпейт. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлү Эркинбек Алымкулов билдирди.

Анын айтымында, жаңы ачылган стационарларга иштөө үчүн медициналык коллеждин студенттери, иштебей жүргөн кызматкерлер тартылды.

«Медиктердин көпчүлүгү ооруп калып жатышат. Биз пенсия курактагы кызматкерлерди, студенттерди, иштебей жүргөн мээрбандарды дагы тарттык. 28 медигибиз Бишкекке көмөктөшүүгө жөнөтүлгөн», — дейт ал.

Облуста бүгүн коронавирустун 39 учуру катталды.

Эң көп окулган жаңылыктар