Кыргызстанда 603 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде маалымдады.
Анын айтымында, Бишкекте — 300, Чүй обласунда — 82, Ошто — 67, Ош облусунда — 42, Жалал-Абадда — 48, Баткенде — 53, Ысык-Көлдө — 6, Таласта — 5 учур.
Кыргызстан боюнча COVID-19 вирусуна чалдыккандардын саны 13 миң 101ге жетти.