Кыргызстан боюнча бир суткада 123 дарыгерден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу коомдук саламттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова маалымдады.
Анын айтымында, Бишкекте — 40, Чүй обласунда — 26, Ошто — 14, Ош обласунда — 20, Ысык-Көлдө — 1, Баткенде — 16, Жалал-Абадда — 4, Таласта — 2 учур.
Бир сутка ичинде тогуз дарыгер ооруканадан чыгарылды.
COVID-19 вирусун жуктуруп алган дарыгерлердин саны жалпы 2 миң 199га жетти, анын ичинен 592 дарыгер айыгып чыкты.