Кыргызстан боюнча коронавирус илдетинен улам алты адам көз жумду. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде маалымдады.
Анын айтымында, кыргыз-түрк достук ооруканасынан, Жайыл аймактык ооруканасынан, Аксы райондук ооруканасынан, Токтогул районунан, Лейлек жана Ош облустук ооруканасынан бирден адам каза болгон.
COVID-19 илдетинен улам каза болгондордун саны 173 учурга жетти.