05:27
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Ош шаарында 100 орундуу стационар ачылат

Ош шаарында бүгүн 100 орундуу күндүзгү дарылоо стационары ачылат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын пресс-кызматы маалымдады.

Анын айтымында, стационар Кулатов кичи районунда жайгашкан “Газпром” спортзалында ачылат. Бул стационарга оорунун жеңил жана орточо түрү менен ооругандар жайгаштырылат. Мындан сырткары, пневмония жана коронавирус инфекциясы менен ооруган адамдарды дарылоо үчүн 500 койка уюштуруу боюнча көрсөтмө берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар