20:44
USD 87.44
EUR 102.52
RUB 1.10

Сокулук районундагы Чоң-Чүй каналынан аялдын жансыз денеси табылды

21-июнда болжол менен саат 09:50дө Сокулук районундагы Сокуклук айылынын Чоң-Чүй каналында аял кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу 102 кызматына маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу ӨКМдин пресс-кызматы билдирди.

Маалым болгондой, айыл тургундары аялдын жансыз денесин эртең мененки 09:50дө көрүшкөн.

«102 кызматына маалымат келип түшкөндө ӨКМдин № 23 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары барышкан. Аялдын жансыз денесин суудан чыгарып ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти», — дейт ӨКМдин пресс-кызматы.

Эң көп окулган жаңылыктар