03:50
USD 87.45
EUR 103.65
RUB 1.15

Травматология жана ортопедия борборунун жети дарыгеринен коронавирус аныкталды

Травматология жана ортопедия борборунун жети дарыгеринен коронавирус аныкталды. Бул маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин пресс-борбору тастыктады.

Министрлик кенен маалымат берген жок. Буга чейин Улуттук госпиталдын микрохирургия жана көз жаракаттары бөлүмүндө бир бейтаптан коронавирус аныкталганы белгилүү.

Эске сала кетсек, дарыгерлердин стационар убагында COVID-19 вирусун жуктуруп алган жалпы 460 учур катталган, анын ичинен 354 дарыгер айыгып чыккан.

Эң көп окулган жаңылыктар