Бир сутка ичинде коронавирус жуктурган 89 бейтап ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Анын айтымында, Бишкек шаарында — 15, Чүй облусу — 59, Ош шаарында— 1, Нарын облусунда — 13, Жалал-Абад облусунда — 1.
Чүй жана Жалал-Абад облусунда вирус жуктурган эки киши набыт болду.
Алардын бири 1950-жылы төрөлгөн Кара-Балта шаарынын тургуну.
«Карадоо эки тараптуу плевмания табылып, андан сырткары, кант диабети, жүрөгү, өтүндө илдеттен аныкталды. Коронавирус эски ооруларын козгогон. Абалы начарлап, көз жумду», — деди Нурболот Үсөнбаев.
Жалал-Абад облусунун тургуну 72 жаштагы аял киши дагы көз жумду.