Бишкек шаарындагы муниципиалдык бала бакчаларга жалпысынан 1 миң 700 кызматкер ишке чыгат. Бул тууралуу мэриянын пресс-кызматчысы билдирди.
«COVID-2019 вирусуна карата бала бакчалардын кызматкерлери 5-июндан тарта тесттен өтүштү. Жыйынтыгында дээрлик көпчүлүгү таза чыкты. Учурда анализ тапшыруу уланууда. Андан сыркары менчик бала бакчада иштеген кызматкерлердин тизмеси такталды, алар эртең ПЦР-тест тапшырышат. Тесттин жыйынтыгына карай иштеп башташат», — дейт мэриянын басма сөз кызматы.
Бишкек шаарында 87 муниципиалдык, 13 ведомстволук, 218 жеке менчик бала бакча бар. Ошондой эле мэрия менчик бала бакчалардын жетекчилерине кызматкерлеринин тизмесин тезирээк берүүнү суранат.
Жалпысынан 1 миң 700 кызматкер бала бакчада эмгектенет. Октябрь районундагы бала бакчаларда-703, Свердлов районунда-353, Биринчи май районунда-291, Ленин районунда-266 кызматкер.

