16:00
USD 87.45
EUR 103.65
RUB 1.15

Коронавирус аныкталгандардын экөө — Көк-Жардын тургуну. Алар Дубайдан келишкен

Коронавирус табылган эки жаран -Чүй облусунун Көк-Жар айылынын тургуну. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Атасы уулу менен бирге Дубайдан 12-мартта учуп келген. Алар текшерүүдөн өтүп, үй карантинине чыгарылган. 28-мартта тапшырган анализден коронавирус аныкталды.

Министрликтин билдирүүсүндө, баардык үй-бүлө мүчөлөрү учурда карантинде.

Кыргызстанда вирус жуктургандардын саны 84гө жетти.

Эң көп окулган жаңылыктар