19:34
USD 73.47
EUR 82.37
RUB 1.08

Миллиардер Алишер Усманов коронавирустан Ташкенттеги үйүндө сактанууда

Өзбек тектүү орусиялык миллиардер Алишер Усманов Forbes Russia басылмасына интервью берип, коронавирус пандемиясынын алдында бардыгы бирдей экенин жана мындай оор учурда каржы чыгашалары жөнүндө көп ойлонбой турганын айтты.

«Коронавирус пандемиясы сөзсүз бизнеске, бүтүндөй эле дүйнөлүк экономикага таасир этет. Ишкерлердин активдери гана эмес, милдеттенмелери да бар. Алар үчүн вирустун өзү да, базарды туруксуздаштырып жаткан маалыматтык толкун да кооптуу. Пандемиянын алдында бардыгыбыз бирдейбиз, Кудай буюрса тирүү калабыз», — деди Алишер Усманов.

Ал ошондой эле азыр Ташкентте экенин, коронавирустан сактанып үйдөн чыкпай отурганын билдирди.

«Өзүм жөнүндө айтсам, илдетти жуктуруп алуу тобокелдиги жогору болгон адамдардын катарында болгондуктан, азыр тарыхый мекеним Ташкент шаарында үй карантининдемин», — деди ал.

Буга чейин Өзбекстандын бийлиги өлкөнүн 65 жаштан жогорку курактагы жашоочуларына зарылдык болбосо үйдөн чыкпоону сунуштаган.

Акыркы маалыматтар боюнча Өзбекстанда 55 адамдын коронавирус жуктуруп алгандыгы аныкталды.

Эң көп окулган жаңылыктар